Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Москва: Yч лидердин Украина боюнча сүйлөшүүсү аяктады


Меркел, Путин, Олланд Кремлде. 6-февраль, 2015-жыл.
Меркел, Путин, Олланд Кремлде. 6-февраль, 2015-жыл.

6-февралда Моcквада президент Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Франциянын президенти Франсуа Олланд Украина боюнча тынчтык планын талкуулашты. Yч жарым саатка созулган жолугушуу үч мамлекет башчынын катышуусунда жабык өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Кечки тамак ичкенден кийин француз жана немис лидерлери өз мекенине аттанышты.

Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканына караганда жолугушуунун жыйынтыгы 8-февралда Германия, Франция, Украина жана Орусиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин маалым болот. Песков Москвадагы сүйлөшүүнү конструктивдүү деп атады. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Украинанын чыгышынданы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы документ даярдалышы мүмкүн.

Москвага келгенге чейин Меркел менен Олланд Киевде Украинанын президенти Петро Порошенко менен ой бөлүшкөн. Азырынча ал сунуштун деталдары тууралуу айтыла элек. Порошенко план өлкө чыгышындагы ок атышууну токтотууга үмүт берет деп билдирген

XS
SM
MD
LG