Ливиядагы терактта набыт болгон үч кыргызстандыктын сөөгү бүгүн кечке жуук Бишкекке жеткирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
27-январда Ливиянын Триполи шаарындагы Corinthia мейманканасына беткапчан адамдар кол салып, бир нече киши мерт кеткен. Алардын арасында үч кыргыз жараны да бар болчу. Авиажүргүнчүлөрдү коштоочулар Галина Колосветова, Гүлзина Бешбакова жана авиатехник Замирбек Бекетаев S.Group International авиакомпаниясында Стамбул-Триполи каттамында иштешчү.
Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алган. (ZMa)