Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Полковникти өлтүрүүгө шектүү Кадырбек Сайдиев кармалды


Шоноевди акыркы сапарга узатуудан бир көрүнүш, 12-январь, 2013-жыл
Шоноевди акыркы сапарга узатуудан бир көрүнүш, 12-январь, 2013-жыл

Ошто полковник Толкун Шоноевди өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн Кадырбек Сайдиев кармалганын "Азаттыкка" Ош облустук ИИБнин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

27 жаштагы Кадырбек Сайдиев ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы Ош облустук башкармалыгынын башчысы Толкун Шоноевди өлтүрүүнү уюштурган жана аткарган деп шектелип, издөөдө жүргөн. Аширбаевдин айтымында, Сайдиев буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган. Ал Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун лидери делип, бир нече жолу соттолгон Кадыр (Женго) Досоновдун өкүл уулу катары белгилүү.

2013-жылдын 11-январында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы Ош облустук башкармалыгынын башчысы Толкун Шоноевди өз үйүнүн жанында атып кетишкен. Буга чейин Шоноевди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен үч киши эркинен ажыратылган. Шоноевдин өлүмүнө шектүү делген Кадырбек Сайдиев Орусияда жашынып жүргөн деген маалыматтар болгон.

Ички иштер министрлиги Кадырбек Сайдиевдин жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 200 миң сом сыйлык убада кылган. (YI)

XS
SM
MD
LG