Бул тууралуу калаа мэри Айтмамат Кадырбаев шаардык Ак-Тилек кичи районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Ош шаарынын Манас-Ата, Амир-Темир, Курманжан Датка аймактык кеңештеринде таза суу тартыштыгы бар.
Учурда калаанын бардык аймагын таза суу менен камсыздоо максатында Азия өнүктүрүү банкынын каражатына сыйымдуулугу 6 миң куб метрлик эки суу кампасы курулуп жатат.
Шаардагы суу колдонуучулардын саны 100 миңге жетет. (YI)