Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Швейцария өкмөтү Кыргызстанга шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтөт


Швейцария өкмөтү "Кыргыз Республикасында шайлоо процесстериндеги демократиялык жол-жоболорду бекемдөө" деп аталган долбоорду ишке ашырууга 1,8 миллион швейцар франкын (117 миллион сом) бөлөт.

Долбоор 2015-2017-жылдарга белгиленген парламенттик, муниципалдык жана президенттик шайлоолордо демократиялык процесстерге көмөктөшүү максатын көздөйт.

Долбоордун алкагында Каракол, Кант, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы бардык шайлоо участокторунда 200дөн ашык автоматташтырылган үкөктөр орнотулат. Мындан тышкары жергиликтүү жарандык коом уюмдары жаңы шайлоо системасы тууралуу калкка маалымат берип, шайлоонун өтүүсүнө көзөмөлдү камсыздашмакчы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG