Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Байден Путин Украинадан "колун тартпаса" изоляцияга кабыларын айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын вице-президенти Жо Байден Путиндин алдында эки жол турганын, же ал Украинадан "колун тартат", же "эл аралык коомчулуктун изоляциясы уланып", ички экономикалык көйгөйү тереңдей турганын айтты.

7-февралда Мюнхендеги коопсуздук конференциясында Байден Орусия Украинадагы саясатын өзгөртмөйүнчө, дүйнө коомчулугу Москвага "эл аралык нормаларды одоно бузганы" үчүн "жазаналарды" улантарын эскертти. Орусия Украина чыгышына кийлигишүү менен Украинанын эгемендигине шек келтирүүдө, өткөн жылдын апрель айынан бери 5350 кишинин каны төгүлдү, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен "даярдыктан өткөн согушкерлер Путин мырзага түз жоопкерчиликтүү" деп белгиледи Кошмо Штаттардын вице-президенти.

Байден конференциянын катышуучуларына кайрылып, эгемен өлкөгө эч ким басым көрсөтө албасын, көз карандысыз өлкөгө "өнөктөш тандоо - анын эгемен укугу" деп, Орусия Украинаны НАТОго киргизбей күчтөп кармап кала албастыгын эскертти. АКШ "Европанын бүтүн жана эркин" аймак принцибин калыбына келтирүүнү кааларын дагы билдирди.

XS
SM
MD
LG