Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Башкырстандан жүк-200 Кыргызстанга бүгүн келет


Башкырстанда жол кырсыгында каза болгон кыргызстандык беш кишинин сөөгү Кыргызстанга бүгүн жеткирилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Жүк-200дү Кыргызстандын Оренбургдагы консулу Жандар уулу Таалайбек коштоп келатат.

5-февралда түнкү бирлер чамасында Башкырстандын Октябрь шаарына жакын жерде "Вольво" үлгүсүндөгү унаа менен "Газель" кагышып кетип, кырсыкта беш кыргызстандык каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген. Жараат алгандардын биринин абалы оор бойдон кала берүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG