Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Ош шаарында 62 миң адам таза сууга муктаж


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу кабарлады. Анын айтымында, шаардын 32 миңдей тургуну таза сууну кошуна райондордон ташып ичет. Дагы 30 миңдей тургун жалпы колдонуудагы көчө түтүктөрүнөн суу алышат.

Калаадагы суу тартыштыгын 2016-жылга чейин жоюу үчүн учурда 6 миң куб метрлик эки суу кампа курулуп жатат. "Ал ишке берилсе, шаардын таза суу маселеси толук чечилет" дейт вице-мэр.

Учурда Ош калаасына 206 миң таза суу колдонуучу бар. Расмий эсеп боюнча шаарда 268 миң адам жашайт. (YI)

XS
SM
MD
LG