Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Мыкты укук коргоочу студент тандалат


Өзүнүн окуу жайында студенттердин укугун мыкты коргогон жана Шералы Назаркулов өңдүү укук коргоочулар тууралуу эң жакшы дил баян жазган студентке стипендия берилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоочулар конгрессинин координатору Турсунбек Акун билдирди.

"Азырынча стипендиянын суммасы такталууда", деди Акун.

Укук коргоочу, 2002-жылы 7-февралда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күн ачкачылык кармап, каза болгон Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы кечээ И.Арабаев атындагы университетте өтүп, ага жүзгө жакын студент, коомдук ишмерлер жана санаалаштары катышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG