Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Суроо-талап жогору кесиптердин тизмеси жарыяланды


Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги келечекте суроо-талап жогору боло турган кесиптердин тизмесин жарыялады. Тизменин алдыңкы сабында мал догдур, ширетүүчүлүк, тигүүчүлүк жана унаа устачылыгы сыяктуу кесиптер турат.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө ветеринарлар үчүн 5 800 бош орун бар. Тигүүчү, унаа устасы, агроном, соода менеджерлерине да суроо-талап жогору.

Министрликтен билдиришкендей, учурда 92 миңден ашуун кыргызстандык. Алардын 58 миңге жакыны мекеме-ишканаларга иш сурап кайрылган. Бул анализ атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде чыгарылды. Ал эми расмий эмес түрдө жумушсуздар жогорудагы көрсөткүчтөн кыйла жогору экени айтылат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG