Словакияда жарандарга бир жыныстуу никеге мамилесин билдирүүнү сунуштаган жалпы улуттук референдум өткөн жок деп табылды.
Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, референдумга добуш берүү укугуна ээ болгондордун 21,4% гана катышты. Референдумдун жыйынтыктары таанылыш үчүн ага шайлоочулардын бери дегенде 50% катышыш керек болчу. (ZMa)