Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Керри: Украина боюнча АКШ менен Европанын ортосунда карама-каршылык жок


Жон Керри Германиядагы конференцияда
Жон Керри Германиядагы конференцияда

АКШ менен Европанын ортосунда Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча карама-каршылык жок. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук боюнча эл аралык коференцияда билдирди. Анын белгилешинче, бул маселеде АКШ жана Европа мамлекеттеринин көз карашы бирдей жана Украинага колдоо көрсөтүү боюнча тыгыз кызматташып жатат.

Ошондой эле Керри Орусия Украинанын чыгышындагы абалды туруксуздаштырууну уланта бере турган болсо, Батыш Орусияны ал үчүн "жогорку баа менен төлөөгө мажбурлай тургандыгын" да эскертти.

Керринин билдирүүсү Кошмо Штаттар менен Европа мамлекеттеринин ортосунда Украинага курал-жарак берүү боюнча карама-каршылык күчөдү деген учурга туш келди. Германия менен Францияда Украинага курал-жарак берүү украин аскерлери менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы жаңжалдын токтобой, улана беришине алып келет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG