Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Минскте «нормандиялык форматтагы» жолугушуу өтүшү мүмкүн


Германия Орусия жана Франция лидерлери. Москва, 6-февраль, 2015
Германия Орусия жана Франция лидерлери. Москва, 6-февраль, 2015

11-февралда Минскте украин кризисин жөнгө салуу боюнча Орусия, Украина, Германия жана Франция лидерлеринин жолугушуусу өтөөрү болжолдонууда. Бул тууралуу Германиянын расмий өкүлү Штеффен Зайберт билдирди. “Нормандиялык форматтагы» жолугушуу өтөөрү Германия канцлери Ангела Меркел, Орусия президенти Владимир Путин, Франция президенти Франсуа Олланд жана Украина президенти Петро Порошенконун бүгүнкү телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Зайберттин айтышынча, телефондук сүйлөшүүдө тараптар Украинанын чыгышындагы жаңжалды чечүүгө багытталган чараларды талкуулады.

Украина президентинин маалымат кызматы “нормандиялык форматтагы” жолугушуу болорун тастыктады. Президент Петро Порошенконун расмий сайтындагы маалыматка караганда, бүгүнкү телефондук сүйлөшүүдө тараптар шаршембиге чейин Берлинде Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн эксперттик деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүүнү жана үч тараптуу байланыш тобун түзүүнү макулдашкан.

Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин бүгүн Лукашенко менен жолугушкан кезде Минсктеги жолугушуу бир катар позицияларды такташтырган учурда өтөөрүн билдирди. “Шаршембини күтөлү, биз акыркы күндөрү талкуулаган бир катар позициялар боюнча макулдашуу табылса, жолугушуу болот,” - деди Путин.

XS
SM
MD
LG