Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Герман канцлери АКШ президенти менен жолугат



Брюссель, 4-июнь, 2014-жыл
Брюссель, 4-июнь, 2014-жыл

Германиянын канцлери Ангела Меркел дүйшөмбүдө АКШ президенти Барак Обама менен Украинанын чыгышындагы кризисти талкуулайт. Меркел бул үчүн Вашингтонго учуп келди. Мурдараак немис өкмөтү 11-февралда Минскте украин кризисин жөнгө салуу боюнча Орусия, Украина, Германия жана Франция лидерлеринин жолугушуусу болорун жарыялаган болчу.

Минскиде “нормандиялык форматтагы” сүйлөшүү болору тууралуу Германия канцлери Ангела Меркел, Орусия президенти Владимир Путин, Франция президенти Франсуа Олланд жана Украина президенти Петро Порошенконун 8-февралдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG