Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Эки ымыркайды көчөгө таштагандар табыла элек


Көчөгө ташталган эки ымыркайдын энеси табыла элек. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында учурда бул окуяга шектүүлөр изделип жатат.

5-февралда Улуттук госпиталдын жанынан ара төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Аларды белгисиз адамдар кара жылтырак баштыкка ороп, ооруканага жакын жерге таштап кеткен. Алдын ала маалымат боюнча бири уул, экинчиси кыз ымыркайлардын эгиз экени айтылып жатат.

Учурда ымыркайлардын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өтүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG