АКШ жана Түркияга барып келген оппозициялык саясатчылар революция жасоого даярданып жатат деген кабар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги эркин депутат Равшан Жээнбеков билдирди.
- Бизди революция жасайт деп бийликчил маалымат каражаттары каралап жатат. Оппозициялык саясатчылардын андай максаты жок. Биз аталган өлкөлөрдөн экономикалык кризистен чыгууга жана жарандык коомду өнүктүрүүгө жардам сурап келдик, - деди Жээнбеков.
Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү 23-январда АКШга жөнөп кеткен. Сапарын Түркияда улантып, 7-февралда кайтып келишти. Алар аталган өлкөлөрдүн бир катар саясатчылары менен жолугушууларды өткөрүшкөн. (UEz)