Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Кытайда коррупцияга шектелген миллиардер өлүм жазасына тартылды


Кытайда өлкөдөгү эң ири Hanlong Group тоо-кен корпорациясынын мурдагы жетекчиси Лю Хан баштаган беш ишкер өлүм жазасына тартылды. Жазага тартылгандардын бири миллиардердин бир тууган иниси. Алар жергиликтүү чиновниктер менен келишип алып бир катар коррупциялык схемаларды ишке ашырган деп айыпталган. Кытай маалымат каражаттары жазгандай, бул иш боюнча мурдагы коопсуздук министри Чжоу Юнкандын уулу да айыпталып жатат. Ал учурда камакта.

Эки жыл мурун бийликке келген Кытайдын төрагасы Си Цзинпин коррупцияга каршы жаңы өнөктүк баштаган. Анын алкагында улуттук коопсуздук мекемесинин мурдагы башчысы Чжоу Юнкан камакка алынып, Чунцин шаарынын партиялык уюмунун башчысы Бо Силай 2013-жылы өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG