Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Путин Ирандын өзөктүк программасы боюнча жылыш болгонун билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын өзөктүк программасы боюнча алтылык менен сүйлөшүүдө “байкаларлык жылыш” болгонун билдирди. Египеттеги “ал-Ахрам” гезитине маегинде орус президенти бул сүйлөшүүлөрдө бир тарап өз кызыкчылыгын гана көздөбөшү керектигин айткан.

Путиндин бул маеги Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин билдирүүсүнө тушташ жарыяланды. Жекшембиде Хаменеи өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну жана мунаса табуу аракетин колдой турганын билдирген.

Учурда дүйнөдөгү алты өлкө менен Тегеран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнү улантууда. АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия кирген топ менен Иран келишимге жетише алса, Тегеран ядролук программасын кыскартат. Ал үчүн Иранга каршы киргизилген санкциялардын айрымдары алынмакчы. Өзөктүк программа боюнча 30-июнга чейин келишимге жетишүүнү көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG