Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

ӨКМ: Бир айда өрт кырсыгынан 17 адамдын өмүрү кыйылды


Быйыл январь айында республиканын аймагында 238 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоонун кесепетинен 17 адамдын, анын ичинен 1 баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Былтыр январь айында 342 өрт кырсыгы катталып, 10 адам өмүрүнөн айрылган.

Өрт өчүргүчтөрдүн аракети менен өткөн айда 6 адам өлүмдөн куткарылган.

Адистердин айтымында, учурда өрт кырсыктарынын чыгышына электр жабдууларын пайдалануу эрежеси бузулганы жана мештердин туура эмес курулушу негизги себеп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG