Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Камактагы учкуч Савченконун адвокаты Европа сотуна кайрылды


Орусияда камакка алынган украиналык учкуч Надежда Савченконун адвокаттары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, анын ишин тезинен кароону өтүндү. Страсбургга жолдонгон арызды адвокат Марк Фейгин “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Анда адвокаттар Савченконун өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын айтып, Европа сотун орус бийлигине карата чара көрүүгө чакырды.

59 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Надежда Савченко акцияны токтотуудан баш тартууда.

Украин армиясынын учкучу орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп айыпталууда.

Савченкону былтыр июнда Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер кармап кеткен. Кийин ал Орусияга өткөрүлүп берилген.

Бирок учкуч Орусиянын аны кармоого жана соттоого укугу жок деп санайт.

Расмий Киев, ПАСЕ уюмунун жетекчилиги жана Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияны Савченкону бошотууга бир нече ирет чакырган.

XS
SM
MD
LG