8-февралда коменданттык саат алынган Багдаддын шийиттер жашаган районунда бүгүн жардыруулардан кеминде 14 адам мерт кетти. Полициянын маалыматы боюнча, калаадагы шийиттер жашаган Кадамиях районунда жанкечти өзүн өзү жардырып жиберген. Андан 13 адам мерт кетти, 30дан ашыгы жараат алды. Бул райондо шийиттер үчүн ыйык саналган диний жайлар көп жайгашкан. Жардыруудан көп өтпөй Ирак баш калаасынын түндүк-чыгышындагы эл көп жүргөн көчөлөрдүн биринде бомба жарылып, бир адам мерт кетти. Дагы жети адам жараат алды. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.
Иракта суннит жана шийит мусулмандар ортосунда тирештен улам теракттар орун алып келет.
Быйыл 8-февралда Ирак өкмөтүнүн буйругу менен Багдаддагы 2003-жылы киргизилген коменданттык саат күчүн жоготкон. Бир күн ичинде ар кыл кол салуулардан 30 адам мерт кеткен.