Пакистандык жаш укук коргоочу, Нобел сыйлыгын ээси Малала Юсуфзайдын “Малала: кантип бир окуучу билим үчүн күрөштү жана дүйнөнү өзгөрттү?” аттуу аудио китеби музыкалык Грэмми сыйлыгын алды. Ал “Эң мыкты балдар альбому” деп табылды.
Малала бул китепти Би-Би-Синин Ооганстан жана Пакистанда көп жыл эмгектенген кабарчысы Кристин Лэмб менен бирге жазган. Китепте Малаланын Пакистандын талиптер баштаган Сват өрөөнүндө билим алуу үчүн күрөшү баяндалган.
Малала Юсуфзай пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн окуучу кыз. Аны 2012-жылы мектептен кайтып келе жатканда талиптер башка аткан. Британдык хирургдардын жардамы менен аман калган Малала быйыл Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган.