Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Киев: эки күндө Орусиядан 1500дей аскер жөнөтүлдү


Акыркы эки күндө орус-украин чек арасынан 1500дөй орусиялык аскер өттү. Бул тууралуу Украинанын армиясынын өкүлү Андрей Лысенко билдирди. Анын айтымында, 7-8-февралда орус тараптан чыгыштагы орусиячыл жикчилдер ээлеп турган аймакка 300дөн ашык аскерий техника алып келинген. Анын ичинде артиллериялык замбиректер, ракета атуучу “Град” системасы бар экенин украин армиясынын өкүлү кошумчалады.

Буга чейин Украинанын президенти Петро Порошенко Москваны он миңге жакын аскер жана курал-жарак, аскерий техника жөнөтүп жатат деп айыптаган. Бирок орус бийликтери мындай маалыматты четке кагып келет.

Бир жылга жакын убакыттан бери уланып жаткан Украинанын чыгышындагы жаңжалда беш миңден ашык адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG