Украина чыгышындагы Донецк жана Луганск аймактарындагы согушка Кыргызстандын 20 жараны катышып жүргөнү тууралуу маалыматты УКМК текшерет.
Бүгүн Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине кирүүнү колдогондор уюштурган акцияда жарандык активист Игорь Трофимов Украинадагы согушка кыргызстандыктар да катышып жатканын билдирген болчу. Бирок алар кайсы тарапты жактап жатканын айткан эмес.
Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов андай билдирүү чындыкка дал келбесин “Азаттыкка” маалымдады:
- Бизде Украинада согушуп жүргөн кыргызстандыктар тууралуу маалымат жок. Трофимовдун билдирүүсү териштирилип жатат. Каяктан укканын, ага ким маалымат бергенин тактайбыз. Иликтөө бүтмөйүнчө эч нерсе айта албайбыз.
Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөт күчтөрү өткөн жылдын апрелинен бери согушуп жатат. Өткөн жумада Өзбекстандын бир тургуну Украинанын таламын талашып согушуп жүргөнү тууралуу маалымат чыккан. (SE)