Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Маңзат көзөмөл кызматынын иши сынга алынды


Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөткө караштуу Маңзат көзөмөл кызматынын ишин кескин сынга алды. Ал бүгүн аталган мекеменин былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынына катышып, агенттиктин иши майдаланып кеткенин, ири масштабдуу операциялар жүргүзүлбөй жатканын айтты.

Маматалиев бардык күч түзүмдөрдүн арасынан Маңзат көзөмөл кызматы материалдык-техникалык жана каржылык жактан мыкты камсыз болгонуна карабастан ишинин жыйынтыгы байкалбай жатканын айтып сындады. Оор маңзат ташыгандар, ири каналдар аныкталбай жатканын билдирди.

Кыргызстан Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат өтүүчү трафик жолунда жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG