Астанада Коргоо министрлигинин имаратынын алдында автоунаа жарылып, бир аскер кызматкери набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жарылган Chevrolet үлгүсүндөгү унаанын ичинде 40 жаштагы Арман Сыздыков аттуу подполковник болгон. Ал кырсык болгон жерде мерт кетти.
Бийлик теракт деген версияны четке кагууда. Айрым маалыматтарга караганда, подполковник окуя болоор алдында кат жазып калтырган. Тергөө жүрүүдө.