Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Асад: Сирия ИМге каршы кызматташат, бирок эл аралык коалицияга кошулбайт


Сирия “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга кошулбайт, бирок согушкерлер менен күрөштү күчөтүү үчүн айрым өлкөлөр менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу Сириянын президенти Башар Асад 10-февралда BBCге маегинде билдирди. Анын айтымында, Сирия Ирак сыяктуу өлкөлөр менен кызматташып, “тактикалык максатты көздөгөбөгөн” жалпы маалыматтарды алып жатат.

Ошондой эле Асад оппозицияга каршы химиялык курал колдонулган деген маалыматты дагы бир жолу четке какты.

“Ислам мамлекети” тобу Сирия менен Ирактын аймагынын бир нече бөлүгүн басып алып “халифат” жарыялаган.

АКШ баштаган бир нече өлкө “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы коалиция түзгөн. Коалиция учактары согушкерлерге каршы абадан сокку уруп жатат.

XS
SM
MD
LG