Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Кызамык жуктургандардын 90% айыкты


Жыл жаңыргандан бери кызамыкка шектелген оорулуулардын саны беш миң жети жүзгө жетти. Алардын ичинен 90% же тагыраак айтканда беш миң эки жүз бир адам толук айыкты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, акыркы убактарда Чүй облусунан башка аймактарда кызамык кыйла басаңдап калды. Кызамык менен ооругандардын көпчүлүгү 10 жаштан 19 жашка чейинки өспүрүмдөр менен улан-кыздар, 20 жаштан улуулардын илдетке чалдыкканы 28,3% түзөт. Бир жашка толо элек балдар да башка балдарга караганда кызамыктан көбүрөөк жабыркашты, ооругандардын арасында ымыркайлардын көрсөткүчү 21,1%.

Кызамык оорусу Кыргызстанда жаңы жылдын алдында пайда болгон. Анын бат эле жайылып кетүүсүнө өлкөдө эмделбеген адамдардын көптүгү себеп катары белгиленген. Расмий маалыматтар боюнча кыска убакытта кызамыкка каршы вакцина сатып алуу үчүн өкмөт 34,4 млн. сом каражат бөлүп, буга чейинки эмдөөлөргө 257 миң доза вакцина колдонулду. Эми март айында 840 миң доза вакцина алып келинмекчи, бул шартта Кыргызстанда элди массалык түрдө эмдөө жүрөт. Оболу 11 жаштан 20 жашка чейинкилер, экинчи баскычында 1 жаштан 10 жашка чейинки балдар эмделет.

Кыргызстанда 1 жаштан 20 жашка чейинки эмдөө жашындагы 2 миллион 307 миң киши бар.

Буга чейин кызамыктын алдын алуу максатында өлкө боюнча 853 миӊ 588 баланын эмдөө баракчасы текшерилген. Алардын ичинен ички миграция жана диний көз караштан улам убагында эмделбей калган балдардын саны 83 миӊ 185 экени аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG