Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:07

Юстиция министрлигине талапкер көрсөтүлдү

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн Юстиция министрлигине Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин парламентке сунуштады. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети премьер-министрдин сунушун карап чыккан соң, бул маселе жалпы отурумга чыгарылат.

Жылдыз Мамбеталиева 2008-жылдан бери Юстиция министринин орун басары болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Алманбет Шыкмаматов 3-февраль күнү иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Ага президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев менен пикир келишпөөчүлүк себеп болгонун айткан. 10-февраль күнү президент Алмазбек Атамбаев Шыкмаматовду Юстиция министри кызматынан бошотту.(ZKo)

XS
SM
MD
LG