Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Орусия менен Египет атомдук тармакта кызматташат


Орусия менен Египет атомдук энергетика жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты. Анда Каирде биринчи атомдук электростанция куруу тууралуу сөз болду. Бул боюнча эки президенттин катышуусунда атайын келишимге кол коюлду. Ага ылайык, орусиялык "Росатом" мекемеси Александриянын батышындагы Дабаа деген жерге курулчу АЭСтин курулушуна катышат.

Мындан сырткары Владимир Путин менен Абдел Фаттах аль-Сиси транспорттук жана нефтехимиялык тармакта кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Орусиянын президенти Владимир Путин Египетке расмий сапар менен дүйшөмбүдө барган. Эки күндүк сапар жүрүшүндө Владимир Путин Египет президенти Абдел Фаттах аль-Сиси, ошондой эле Александрия жана Африка патриархы Феодор II менен жолукту.

XS
SM
MD
LG