Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:30

Вашингтон Сирияда туткундалган Кайла Мюллердин өлгөнүн тастыктады


26 жаштагы Кайла Жимм Мюллер гуманитардык уюмда иштечү

Шейшембиде АКШ президенти Барак Обама “ИМ” тобунда туткунда жүргөн америкалык жаран Кайла Мюллердин жакындарына көңүл айтты. Обама Мюллер өз өмүрүн жардамга муктаж болгондорго жардам берүүгө арнады деп билдирди.

Барак Обаманын билдирүүсүндө Кайла Мюллердин өлүмүнө катышы бар согушчандар табылып, жазаларын алат деп ишендирилген.

26 жаштагы Кайла Мюллер гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүүчү уюмдар менен чогуу Индия, Израиль жана Палестинде иштеген. Ал 2013-жылы Сириялык качкындарга гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүүчү уюм менен Сириянын Алеппо шаарында иштеп жаткан жеринен аны согушчандар уурдап кетишкен болчу.

XS
SM
MD
LG