Ош жана Баткен облустарында акыркы он күч ичинде соттун санкциясы менен 20 үйдө тинтүү жүргүзүлдү. Алардын баары экстремисттик идеяларды жайылтууга шектелген жарандардын үйлөрү экенин бүгүн, 11-февралда ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Рахим Салимов Ошто журналисттерге билдирди. Анын айтымында, текшерүү учурунда радикал маанайдагы 1000 китеп, 500 чамалуу диск табылган.
Ал эки күн мурда Кара-Суудан кармалган Рашод Камалов аттуу жаран Сирияга кишилерди жөнөткөнү тууралуу10 адамдан арыз түшкөнүн, дагы бир катар кишилер арыздануудан коркуп жатканын кошумчалады.
Күч түзүмдөрү Кыргызстанда жарандарды Сирия жана Ирактагы согушка азгырган топтор көбөйүп, ал жакка кетип жаткандардын да саны өскөнүнө байланыштуу алдын алуу иштерин күчөткөнүн айтып келет. Шектүүлөр дээрлик өлкөнүн бардык аймактарынан кармалып жатат. (SE\ErN)