Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстандын аймагында 17-февралга чейин аба ырайы өзгөрүп турат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, тоо этектеринде мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -25 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат, унаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине кедергисин тийгизиши мүмкүн. Тоолуу жолдордо кар көчкү жана кар күрткү коркунучу бар.

12-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым аймактарда жамгыр жана кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7,

Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -4...-9 градус болушу күтүлүп жатат.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 6…8 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG