Бишкектин четиндеги Ак-Босого айылында “ЗиЛ-157” унаасы электр өткөргүч мамыны сүзүп алгандыктан зымдар жарактан чыгып аймактагы 100 үй жарыксыз калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.
Келтирилген зыян 28 миң сомдон ашат. Мекеме адистери акчаны ошол жүк машиненин айдоочусунан өндүрүүнү суранып жатышат. Тийиштүү документтер Бишкек ШИИБнин жол кайгуул кызматына өткөрүлүп берилди.
Адистер мындай абал Чүй облусунда тез-тез кайталанып турарын, өткөн жылы унаалардын электр өткөргүчтөргө келтирген зыяны 92 миң сомдон ашкан. (SE)