Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Орусия Жогорку Соту мектепте хижап кийүүгө тыюу салды


Орусиянын Жогорку Соту Мордовия республикасындагы мектептерде окуучулардын хижапчан жүрүшүнө тыюу салуу мыйзамдуу деп тапты. Мындай чечимди 2014-жылдын май айында жергиликтүү бийлик кабыл алган. Бирок буга каршы болгон аймактагы мусулман жамааты сотко кайрылган.

Мектептеги хижап маселеси Орусияда көптөн бери талкууланып келет. Биринчилерден болуп билим берүү жайларына жоолук салынууга Ставропол крайында тыюу салынган. Мындан соң укук коргоочулар окуучулардын диний ишениминен улам укугу бузулуп жатканын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG