Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Жалал-Абад: Тергөөгө нааразылар милицияны айыптоодо


Жалпысынан 1,5 миллион сом алдырдык деген төрт киши бүгүн Жалал-Абадда маалымат жыйын өткөрүп, тергөө калыс жүрбөй жатканын айтып чыгышты.

Жабыркагандардын бири, Сузак районунун тургуну Асанбек Бегматов тил каттын негизинде жана нотариус аркылуу бекитилген келишимдин негизинде Санжар Искандаров аттуу жаранга акча бергенин айтты.

- Карызды өндүрүүгө барган учурда апасы менен пикир келишпестик чыгып, аялга кол көтөрдү деп мени 2013-жылы райондук сот 3 жылга эркимен ажыраткан. Кийин мунапыстын негизинде камактан бошотулгам. Карыз боюнча райондук жана облустук соттор маселени менин пайдама чечип бергени менен, Искандаровго тиешелүү мүлк жоктугунан улам сот аткаруучулар акчаны өндүрүп бере албай жатышат, - дейт Бегматов.

Ал эми дагы бир жабыркаган жаран Шухрат Бегимкулов милиция тергөөнү жакшы алып барбай, башкалардын арыздарын кабыл албай жатканын айтат.

Жалал-Абад шаардык милициясынан билдиришкендей Искандаровдун үстүнөн 2014-жылдын октябрь айында кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иши уланып жатат. (RsK/RK)

XS
SM
MD
LG