Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Минскте Украина боюнча саммит башталууда


Украинанын чыгышындагы абалды талкуулоо боюнча “Нормандия форматындагы” саммит Беларустун борбору Минскте башталганы жатат. Ушу тапта Украина, Франция, Германия лидерлери Минскке келишти. Орус президенти Владимир Путин да саммитке катышарын билдирген.

Төрт өлкө президенттери Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу жолдорун талкуулайт. Жолугушуу алдында немис канцлеринин маалымат катчысы Штеффен Зайберт бул жолугушуу жыйынтык берет деген ишеними жок экенин, бирок абалды жайгарууга өбөлгө болот деген үмүт өчө электигин шардана кылган.

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Киев үчүн бул жолугушуудагы башкы максат Орусияны буга чейин кабыл алынган Минск келишиминин талаптарын аткартуу экенин кабарлады.

Ал эми Украинанын президенти Петро Порошенко Донбасстагы абал курчуп кетсе, аскердик абал киргизүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG