Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Бүгүн кызамык жана кызылча ооруларына каршы вакцина келет


Бул тууралуу Кыргызстандын башкы иммунологу, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн кызамыкка каршы 840 миң доза вакцина алып келинет. Бул үчүн өкмөт 34,4 млн. сом бөлгөн. Март айынын аягына карай эл аралык уюмдардын каржылоосу менен дагы 1 миллиондон ашуун вакцина келүүсү күтүлүүдө.

Калиловдун маалыматы боюнча, 2-марттан 14-мартка чейин Чүй облусу менен Бишкек шаарынын элин кызамык-кызылча ооруларына каршы жапырт эмдөө жүрөт. Эмдөө эки этапта өтөт. Алгач 11 жаштан 20 жашка чейинкилер,андан соң 1 жаштан 10 жашка чейинкилер дарыланат. Массалык түрдө эмдөө кийинчерээк өлкөнүн башка аймактарында да жүргүзүлөт. Жалпысынан 2 млн. 307 миң адам эмдөө алат.

Кыргызстанда 1 жаштан 20 жашка чейинки эмдөө жашындагы 2 миллион 307 миң киши бар.

Буга чейин кызамыктын алдын алуу максатында өлкө боюнча 853 миӊ 588 баланын эмдөө баракчасы текшерилген. Алардын ичинен ички миграция жана диний көз караштан улам убагында эмделбей калган балдардын саны 83 миӊ 185 экени аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG