Украинанын чыгышындагы абалды талкуулоо боюнча “Нормандия форматында” 11 саат мурун башталган саммит уланууда. Ушул тапта Украина, Франция, Германия жана Орусиянын лидерлери Украинанын чыгышындагы кырдаал, ок атууну токтотуу жолдорун талкуулап жатышат. Украин президентинин жардамчысы Валерий Чали Фейсбуктагы баракчасына сүйлөшүүлөр дагы бир нече саат уланышы ыктымалдыгын жазды.
Сүйлөшүүлөр башталардын алдында Украин президенти Петро Порошенко саммит Донбасстагы кырдаалды көзөмөлдөөнүн бирден-бир үмүтү деп билдирген.
Мурдараак немис канцлеринин маалымат катчысы Штеффен Зайберт бул жолугушуу жыйынтык берет деген ишеними жок экенин, бирок абалды жайгарууга өбөлгө болот деген үмүт өчө электигин айткан.
Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Киев үчүн бул жолугушуудагы башкы максат Орусияны буга чейин кабыл алынган Минск келишиминин талаптарын аткартуу экенин кабарлады.