Бүгүн Бишкекте кургак учукка каршы кеңешме өтүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, ага мекемелердин, ооруканалардын, бул жаатта иштеген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен катар кургак учуктан дарыланып жаткан жарандар катышууда. Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан амбулатордук дарылоо долбоорунун жүрүшү талкууланып, илдеттин алдын алуу боюнча жергиликтүү ден соолук комитеттери жана тургундар менен байланышты бекемдөө маселелери тууралуу сөз болууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда кургак учукка кабылган адамдардын саны дүйнө калкынын үчтөн бирин түзөт. Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын киши бул ооруну жуктуруп алууда, алардын 1 миңдейи балдар жана өспүрүмдөр.
Дарыгерлердин айтымында, соңку кезде дарынын күчү жетпей калгандыктан оорусу күчөп же көз жумгандардын саны көбөйүүдө. (RK)