Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Жалал-Абадда балдарга карата зомбулукту алдын алуучу штабдар ачылды


Жалал-Абад облусунда балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн 31 штаб ачылды. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, штабдар облустун бардык райондорунда, 3 шаарда жана 20 айыл аймакта жайгашкан. Анда атайын адистер үймө-үй кыдырып, балдарды текшерүүгө алышат. Ошондой эле ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча жыйындар өткөрүлүп турат.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 400 миң бала бар. Өткөн жылы 454 бала түрдүү себептерден улам ата-эненин камкордугусуз калган. (МТо)

XS
SM
MD
LG