Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

"Бишкек" экономикалык аймагында нааразылык чыкты


"Бишкек" эркин экономикалык аймагында жетекчилик менен айрым кызматкерлер ортосунда нааразылык пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” иштен бошотулду деген жумушчулардын биринин атасы Кыдырбай Калбаев билдирди. Анын айтымында, жетекчилик жумушчуларды иштен мыйзамсыз бошотууда. Мындан улам жумуштан бошогондор жана алардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты.

- 120 адамды жумушунан мыйзамсыз бошоткон. Кандай негизде экенин айтпай жатат. Башкы директор алардын ордуна өз жакындарын коюп жатат, - деди Кыдырбай Калбаев.

Ал эми бул эркин экономикалык аймактын башкы директору Орозбек Нусубалиев мындай дооматтарды четке какты.

- Аймактагы күзөт башкармалыгында жетекчилик штаттар көбөйүп кеткен. Вахта башчысы, анын орун басары деген кызматтарды ача беришкен. Биз мына ошол штаттарды кыскартып, бошогон адамдарга башка иш сунуштап жатабыз. Ал эми 120 адамды таптакыр кызматтан бошотту деген сөз жалган. Сырттан туугандарын алып келди деген да жалган, - деди Нусубалиев.

Нусубалиев күзөт башкармалыгындагыларды мурда мыйзам бузуу менен иш алып барган компаниялар көкүтүп жатканын, бул боюнча күч органдарына кайрыларын айтты. (МТо)

XS
SM
MD
LG