Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Быйыл Кыргызстанда үйлөр 10-15% арзандашы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси Айдар Сукенбаев билдирди.

- Адистер мунай баасынын төмөндөшү 2016-жылга чейин уланышы мүмкүн деп жатат. Ошондуктан 2015-жылы турак жайга баа көтөрүлбөйт, тескерисинче, 10-15% төмөндөйт деген божомол бар, - деди Сукенбаев.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда турак жай соодасы солгундап, үйлөр 2014-жылы мурдагы жылга караганда Бишкекте 7,5%, Ошто 14% аз сатылган. Буга негизги себеп катары рублдин арзандашына байланыштуу мигранттардын акча салымынын азайып кетиши көрсөтүлүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG