Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

УКМК: Жалал-Абадда ири салык жашыруу факты катталды

Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы Жалал-Абаддагы “Атил” ишканасы 1 миллион 723 миң сомдук салыкты жашырганын аныктады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ишкана кошумча нарк салыгы боюнча жасалма счет-фактураларды жасап жүргөн.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG