Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

АКШда үч мусулманды атып өлтүргөн жаран камалды


Фейсбук социалдык тармагында динге каршы маалымат тараткан деген АКШ жараны үч жаш мусулмандын өлүмүнө айыпталып камакка алынды.

Полиция билдиргендей, шаршембиде 46 жаштагы Крейг Стивен Хикс Чапел-Хилл шаарындагы Түндүк Каролина университетинин алдында унаа коюучу жайда чыккан талаш-тартыштан улам окуу жайдын студенти Деа Шади Баракатты, анын жубайын жана карындашын атып салган.

Полиция кылмышкер буга диний жек көрүүдөн улам барышы мүмкүндүгүн да кошумчалады.

Хикс учурда күнөөсүн моюнуна алып, полиция менен кызматташууда.

АКШдагы мусулман активисттер бул окуянын кылдат иликтенишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG