Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Ысык-Көлдөн үч үй-бүлө Сирияга кеткен деп шектелүүдө


Алдын ала маалыматтар боюнча, облустун Тоң районунан бир, ал эми Каракол шаарынан эки үй-бүлө Сирияга кеткен болушу ыктымал. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын 10-бөлүмүнөн маалымдашты. Ага ылайык, милиция бул үй-бүлөлөрдүн кайда экенин тактоо үчүн тиешелүү органдарга суроо жиберген. Ошондой эле алардын эмне себептен кетүүсү да аныкталууда.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Сирияга кетүү агымы 2012-жылдардын аягында башталган. Ошондон бери Сириядагы согушка кеткендердин саны 200дөн ашты, арасында отуздан ашуун аял бар. Ошондой эле Сирияга үй-бүлөсү менен, ымыркай балдарын да алып кеткендер көп каттала баштады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG