Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Пакистанда мектептеги кыргынга шектелип 12 талип кармалды


Пакистандык балдар автобус менен мектепке баратышат. 12-январь, 2015-жыл
Пакистандык балдар автобус менен мектепке баратышат. 12-январь, 2015-жыл

Пакистан аскеринин генералы Асим Салим Бежванын 12-февралда билдиргени боюнча кармалгандардын алтоо Ооганстандын аймагында, калгандары Пакистанда колго түшүрүлгөн. Бул үчүн эки өлкөнүн атайын кызматтары чогуу иштегенин белгилеген генерал “Ооганстанга ыраазычылык” билдирди. Кармалган талиптердин бири – Молви Абдусалам “өкмөттөн айлык акы алып”, Пешавардагы мечиттердин биринде имамдык кылып жүргөн дейт Асим Салим.

Пакистан согушчандарга каршы аракетин өткөн жыл аягында мектепке болгон кол салуудан кийин күчөттү. 16-декабрда Пешавардагы мектептердин биринде талиптер кыргын салып, 151 кишини өлтүрүшкөн. Көпчүлүгү жаш балдар.

XS
SM
MD
LG