13-февралда кыргыз өкмөтү кеңейтилген жыйынга чогулат. Анда өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү талкууланып, мурда пландалган аракеттердин шаар-облус жетекчилери тарабынан аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылат. Жыйынга бардык министрлер жана тиешелүү жетекчилер, өкмөттүн жети облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери катышат.
Эксперттер 2014-жыл Кыргызстан экономикасында өсүштүн басаңдоо жылы болду деп белгилешкен. Ошондой эле улуттук валюта - сомдун курсун кармоо үчүн жыл аягына чейин тынымсыз жүргөн күрөш эмгиче натыйжа бере албай келет.(ZKo)