Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Евробиримдик Минск келишиминин аткарылышына кабатыр


Евробиримдиктин лидерлери 12-февралда Минскиде жетишилген акыркы келишимдердин шарттары аткарылышына кабатырлыгын билдиришүүдө. Алар эгер тынчтык келишими аткарылбаса, расмий Кремлге карата санкциялар дагы күчөтүлөрүн эскертишти. Француз президенти Олланд “Украинада тынчтык болушу үчүн басымды улантуу керек” деп билдирди.

“Путиндин ак көңүлдүгүнө ишеничибиз чектелүү, ошондуктан, биз санкциялар тууралуу чечимди колдообуз керек” деди Евробиримдиктин президенти Дональд Туск.

Евробиримдик дагы 19 орус ишканасынын банктагы эсептерин токтотуу жана виза берүүгө тыюу салуу маселесин 16-февралда карайт. Бул акыркы келишимдин аткарылышынан көз каранды болот.

XS
SM
MD
LG