Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

14-февралга карата аба ырайы


14-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу аймактарынын айрым жерлеринде кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу унаа жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -4...-9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…8 градус болот.

XS
SM
MD
LG